Жол боюндагы ашканада санитардык талаптар сакталган эмес

Кара-Суу району | 11:40, 15-март 2021 | Кароолор: 1 274Аткарыла элек

Кара-Суу районундагы борбордук базардын кире беришинде чакан ашкана бар. Ашкананын жарымы тротуарга курулган. Бирок ошондой болсо элди тейлеп жатат.

Ал ашканада санитардык талаптар сакталган эмес. Идиш-аяк деген буюмдары ачык жерде турат. Тамактары ачык жерде турат. Унаалардан канчалаган зыяндуу газдар чыгат. Ушуга окшогон ашкананы карап койгон орган барбы?

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат