Замандан артта калган көчө кесилиши

Кара-Суу шаары | 14:14, 15-март 2021 | Кароолор: 415Аткарыла элек

Кара-Суу шаарында замандан артта калган көчө кесилиштери, көчөлөр абдан көп. Заманбап жашоодо көчө кесилиштеринен жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдө сызыктар болот. Сызыктар түнү да көрүнүп турушу керек. Бирок биздин шаарда андай сызыктар аз эле жерде бар, болсо да араң билинет.

Калаабыздагы Ленин көчөсү менен Рабочий көчөсүнүн кесилишиндеги жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдө сызыктар өчүп кеткен. Жөө адамдар аталган кесилиштен өтө албай кыйналабыз. Жергиликтүү бийлик эмнени карап отурат?

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь