Борбордо туруп, көз жаздымда калган көчө

Каракол шаары | 17:05, 15-март 2021 | Кароолор: 785Аткарыла элек

Каракол шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бири болгон Боронбай бий көчөсүн көргөндө жан кейит. Өзү борбордо жайгашкан, бирок көңүлдөн сырткары.

Көчөнүн аталышы жазылган такта түшкөнү калган, тротуарда турган кудук ачык болуп, шыйпыр жаап коюшкан. Таштанды жатат. Бул көчөдө аймак башчысы деген барбы? Болуш деп айлык алган кызматкерлер кайда?

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь