Көңүлдөнүп жасап коюшса болот эле

Ак-Талаа району | 19:05, 15-март 2021 | Кароолор: 1 280Аткарыла элек

Жооп алынды: Ак-Кыядагы суу жеп кеткен жолду оңдошту

Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылындагы унаа жолду суу жеп кетти. Кечээ жол тейлөө ишканасынын жумушчулары эптеп оңдомуш болуп кеткен. Жол бир унаа баткыдай эле болуп калды. Алдыдан дагы бир унаа чыкса өтө албай калат.

Жолдун астындагы түтүкчө толуп, суу өтпөй, суу жолдун үстүнөн ашып, жолду жеп кетет. Катуу жаан-чачын жааган учурда, сугат иштери башталганда дайыма жолду жеп кетет. Жолдун алдындагы көпүрө түтүктү тазалап, агып келе жаткан суу түтүк менен агып өткүдөй кылып көңүлдөнүп жасап коюшса болот эле.


Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь