Токойдогу канаттуулар үйгө түшүп жем болбосун деп дан чачылды

город Базар-Коргон | 20:10, 15 марта 2021 | Просмотров: 965Не выполнено

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап жергеси – туристтердин мекени деп айтабыз. Дүйнөгө мактанчу жаңгак токоюбуз бар, теңдешсиз кооз жер.

Ушул кооз жерибиздин токойлорундагы куштарды сактоо үчүн жем чачууну максатка койдук. Айыл тургуну Муродбек Мамадалиевдин демилгеси менен айыл жаштары арасында фонд түзүлүп, бир аз тыйын жыйналса да, 1 жылда 2-3 ирет канаттуулар үчүн дан чачылып жатат. Бул туристтик аймактын жаратылышын, табиятын сактап, тазалыкты туу тутуп, келечекке үлгү болуучу иш.

Токойдогу канаттуулар айыл аралап, үйлөргө чейин келип калышат. Канаттуулардын эттүүлөрүн айрымдар атып, жок кылып коюшууда. Айыл активисттери канаттууларды элге жем болбосун деп, токойлорду аралап дан чачуу ыкмасын колго алышты. Бул кадам жыйынтык бергендей болду. Жергиликтүү бийлик, токой чарба кызматкерлери менен эл тыгыз байланышта иштеп жатышат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь