Кээде түнкү үчкө чейин тынчтык жок

город Кара-Куль | 20:23, 15 марта 2021 | Просмотров: 535Не выполнено

Мен Кара-Көл шаарындагы "Эдельвейс" кафесинин жанындагы сегизинчи көп кабаттуу үйдө жашайм. Кафенин музыкасы тынчтыбызды алат. Майрам күндөрү түнкү үчкө чейин уйку бербейт.

Кээде милиция кызматкерлерине кайра-кайра чалып жатып, музыканы токтоткон күндөр болот. Жумушум жооптуу мекемеде болгондуктан өз убактысы менен эс алып, уктоого туура келет. Таң эрте жумушка жөнөйм. Ушул маселени тиешелүү кызматтар мыйзам чегинде карап берсе жакшы болмок.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь