Оштогу тоок сатуучу жай оңдолуп жатат
Жооп алынды: Оштогу тоок базары санитардык талаптарга жооп бербейт
Ош шаарындагы муниципалдык борбордук базардагы тоок сатуучу жайда тоокторду союп, тазалоочу жай оңдолуп жатат. Бул тууралуу борбордук базардын тазалык иштери боюнча жооптуу кызматкери Мелис Камилов «Активдүү жаранга» билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө тоокту союп, тазалоочу жай ишин токтоткон. Эгерде капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, талаптагыдай шарт түзсө, кайра иштетүүгө уруксат берилет.
Буга чейин Ош шаарынын тургуну Айзада Керимова тоок союп, тазалоочу жайдын шарттары санитардык талаптарга жооп бербей турганын айткан.
М.Камилов ал жерди иштеткен ишкерге 1-мартка чейин талапка жооп бере тургандай кылып абалын жакшыртуу боюнча эскертүү берилгенин билдирген болчу.
Учурда окулууда
Өзгөндө жол талаштан улам айдоочу өлтүрүлгөн: Шектүү колго түштү
Окуп жаткандар: 24
Кыш чилдеси качан түшүп, качан чыгат?
Окуп жаткандар: 19
26-январга карата аба ырайы
Окуп жаткандар: 9