Тротуары жок көчө

Кара-Суу шаары | 13:59, 16-март 2021 | Кароолор: 504Аткарыла элек

Кара-Суу шаарында тротуар маселеси боюнча бир томдук китеп жазсаң болот. Шаардагы тротуарлар бүгүн кейиштүү абалда.

Шаарда тротуарларды караган, тротуар курган орган жоктой. Шаар учурда кароосуз калган жайга окшоп калган. Калаага келген коноктор түгүл жергиликтүүлөргө ыңгайсыздык жараткан шаар кантип туристтерди кабыл алат? Мисалы, Юлдашев көчөсүнүн оң жагында такыр тротуар деген нерсе жок. Анын ордунда таштанды, унаалар турат.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь