Кара-Суу шаарында тротуар маселеси эң чоң көйгөй болуп саналат

Кара-Суу шаары | 10:35, 17-март 2021 | Кароолор: 588Аткарыла элек

Кара-Суу шаарынын калкы бардык талаптарга жооп берген, кенен, тыкан тротуарга жетпедик. Тротуар бар, бирок тар. Тротуар бар, бирок таштанды ташталган. Тротуар бар, бирок жамалган, ашмалтайы чыккан.

Кээ бир көчөлөрдө такыр эле тротуар жокко эсе. Айрым көчөлөрдө тротуарды курууну унутуп калышкан. Ушул кантип болсун?

Мисалы, Бакиев көчөсүнүн сол тарабында такыр тротуар жок. Жергиликтүү бийлик эл үчүн иштесе куруп койбойбу.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь