Ак-Кыядагы суу жеп кеткен жолду оңдошту

Ак-Талаа району | 13:36, 17-март 2021 | Кароолор: 1 496Аткарылды

Көйгөй: Көңүлдөнүп жасап коюшса болот эле

Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылындагы унаа жолду суу жеп кеткенин жергиликтүү тургун «Активдүү жаранга» билдирген. Анын айтымында, аталган жолдун суу жеп кеткен жерин жол тейлөө ишканасынын жумушчулары эптеп оңдомуш болушат.

«Жол бир унаа баткыдай эле болуп калды. Алдынан дагы бир унаа чыкса, өтө албай калат. Жолдун астындагы түтүкчө толуп, суу өтпөй, суу жолдун үстүнөн ашып, жолду жеп кетет. Катуу жаан-чачын жааган учурда, сугат иштери башталганда дайыма жолду суу жеп кетет. Жолдун алдындагы көпүрө түтүктү тазалап, агып келе жаткан суу түтүк менен агып өткүдөй кылып көңүлдөнүп жасап коюшса болот эле», - деген активдүү жаран.

Райондук жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Тынычбек Абдылдабеков суу жеп кеткен жол оңдолуп, убактылуу каттам ачылганын айтты.

«Ал жерди 14-март күнү түштөн кийин суу жеп кеткен. Бизге билдирүү түшөрү менен атайын жумушчу топ барып, суунун нугун буруп келишкен. Кеч кирип кеткенине байланыштуу 15-март күнү кайра барып, жолду оңдошту.

Жолдун астындагы суу түтүкчө илгери коюлган түтүк. Ылдый чөгүп кеткен. Алдына суу муз болуп тоңо берип, суу өйдө көтөрүлүп калат. Азыр жердин тоңу кете элек. Учурда убактылуу суу түтүгүн коюп, жолду оңдоп койдук. Эл каттай берет. Аны, пландап, акча каражат бөлдүрүп алып жасайбыз. Дароо эле толук кандуу оңдоп-түздөп салууга болбойт. Мындай учурларда убактылуу оңдоп, убактылуу каттоого шарт түзүп беребиз», - деди Т.Абдылдабеков.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь