Майыптарга шарт түзүлүш керек деп кыйкырган ишкана өзү шарт түзгөн эмес

Ош шаары | 14:31, 17-март 2021 | Кароолор: 616Аткарыла элек

Баламды консилиумдан өткөрүү үчүн Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгына баргам. Мурда да барып турчумун, бирок маани бербептирмин.

Медициналык-социалдык эксперттик бөлүмдүн коридорунда 1 сааттай отуруп маани берсем, күтүп отура турган эки дивандын тамтыгы чыгып, отурганга мүмкүн болбой калыптыр. Эки отургучтун абалы да ыйлагыдай. Ажатканасына майыптар эмес, соо адам отура албайт. Эшиктери сынган, кармагычтары жок.

Дайым чогулуштарда кооз сүйлөп, каяктагы отчетту беришти эле билишет. Бир жолу ошол комиссиянын мүчөлөрүнүн бири: "Мамлекеттен, бизден сураганды эле билесиңер", - деп оозубузду ачырган болчу.

Биз ушунча каражат бөлүп жатабыз, шарттар түзүлүп жатат, бул ишкана да шарт түзсүн дей беришет. Өздөрүнүн ишканасын оңдоп алышсын.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь