Жаратылыш ыйлап жибериптир...

Ала-Бука району | 19:25, 17-март 2021 | Кароолор: 2 068Аткарыла элек

Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш, Көк-Серек, 1-Май, Өрүктү айыл өкмөтүнүн активдүү тургундары, айылдык ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү жол жээгин таштандыдан тазалоого чыктык. “Таза баштык — таза айыл” деп ураан кылдык.

Районго барчу жалгыз жол жээги балдардын памперсине, желим бөтөлкөлөргө, пакеттерге толуп кеткен. Таштанды тазалоо да оңой эмес экен. 60-70 чакырымдай жол жээгин тазаладык. Таштанды трактордун чиркегичине толмок тургай, ашты.

Тазалыкка жасаган кайдыгерлик мамилебизге жаратылыш ыйлап жибериптир. Бир аз да болсо жаратылышты кубандыргандай болдук. Таштандыдан арылуу үчүн башкалар да ойгонушаар.

Айдоочулардан жүргүнчү алып баратканда алардын таштандыларын жол жээгине таштатпоону суранып жатабыз. Жыйынтык берээр деп үмүттөнөбүз.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь