Эски жатакана, чуңкур жолдор, талкаланган тротуар. Бизди шаарда жашайт деп ойлошпойт

Ош шаары | 12:05, 18-март 2021 | Кароолор: 1 191Аткарыла элек

Ош шаарындагы Манас-Ата кичи районундагы У.Салиева көчөсүндө жашайбыз. Айлананы карап көрсөк, биз шаарда эмес, айылда да эмес, согуштан талкаланган аймакта жашап жаткандайбыз.

Эски жатаканалардын абалы сырттан эле көрүнүп турат. Бала бакчага бара турган жолубуздун чуңкурларынан балдарды бирин көтөрүп, бирин жетелеп өтөбүз. Тротуардын таш-талканы чыккан. Балдар ойной турган аянтчабыз эчак эле бузулуп, эки-үч темири калган.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь