Эски жатакана, чуңкур жолдор, талкаланган тротуар. Бизди шаарда жашайт деп ойлошпойт
Ош шаарындагы Манас-Ата кичи районундагы У.Салиева көчөсүндө жашайбыз. Айлананы карап көрсөк, биз шаарда эмес, айылда да эмес, согуштан талкаланган аймакта жашап жаткандайбыз.
Эски жатаканалардын абалы сырттан эле көрүнүп турат. Бала бакчага бара турган жолубуздун чуңкурларынан балдарды бирин көтөрүп, бирин жетелеп өтөбүз. Тротуардын таш-талканы чыккан. Балдар ойной турган аянтчабыз эчак эле бузулуп, эки-үч темири калган.
Учурда окулууда
Милиция дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы Айназик Чотонованы тапты
Окуп жаткандар: 7
Ак-Сууда аялына зомбулук көрсөтүүгө шектелген 4 балалуу адам кармалды
Окуп жаткандар: 4
БШК №2 округдан Атажанов, Калпаев, Аманованы депутат деп тапты
Окуп жаткандар: 2