Гүлчө айылынын негизги көчөсүндө тротуар жок

Алайский район | 09:33, 19 марта 2021 | Просмотров: 2 606

Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Гүлчө айылындагы негизги Алымбек датка көчөсүнүн этегинде тротуар жок.

№2 "Дөөлөт" бала бакчасынан Жар-Кыштакка чейин тротуардын жоктугунан чоң жол менен барабыз. Жолдун жээгинде арча тигилген. Арча менен үйлөрдүн аралыгы жакын болгондуктан баса албайбыз. Тротуарга окшош болгону менен эч ким үйлөрдүн жанынан баса албайт.

Мен эки баламды күн сайын бала бакчага Жар-Кыштактан чоң жол менен алып келем. Качан унаа сүзүп кетет деп корком. Атайын тротуар кылып ыңгайлаштырып койсо, коопсуздук болмок.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь