Бир жагынан тиксе, бир жагынан сындырып жатышат

Каракол шаары | 10:31, 19-март 2021 | Кароолор: 809Аткарыла элек

Каракол шаарындагы Ж.Абдрахманов көчөсүндө 2 күн мурун тигилген көчөттөрдүн бирин сындырып кетишти. Эки кун мурун Жашылдандыруу ишканасынын кызматкерлери отургузган. Абдан кубанып жаттык эле.

Бул клён көчөтү жалбырагы чоң болуп өсүп, көчөбүз көрктүү болот деп кубанычта элек. Өсө элек жаш көчөттөрдүн кимге зыяны тиет? Анан кайдан жашыл шаар болобуз? Өзүбүз колубуз менен талкалап жатсак...

Быйыл шаарда 1600 көчөт тигилет деген, адистер. Анын 60 пайызы бул клён өңдүү жазы жалбырактуу. Алардын өсүп кетиши ар бирибиздин колубузда.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь