Филармониянын ичи эки саатта таштандыга толду

Ош шаары | 16:49, 19-март 2021 | Кароолор: 443

Бүгүн, 19-мартта Ош шаарындагы Р.Абдыкадыров атындагы филармонияда мектеп окуучулары үчүн цирк оюндары уюштурулган. Андан кийин көрүүчүлөрдүн орду, залдын ичи түрдүү таштандыга толду.

Желим бөтөлкө, баштык, таттуулардын кагаздары, тамак-аштын калдыктарын таштап кетишкен. Болжол менен эки-үч мүшөк таштанды чыгат.

Оюнга 1-класстан 4-класска чейинки окуучулар мугалимдери менен бирге келишкен.

Филармониянын кызматкеринин айтымында, балдар келген учурда дайым ушундай көрүнүш болот. Балдарды ата-энелер жана мугалимдер тазалыкка үйрөтүшү керекпи?



Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь