Ош шаарындагы А.Шакиров көчөсүнүн айрым жашоочулары үйүн сатып кетүүгө аргасыз болууда

Ош шаары | 17:19, 19-март 2021 | Кароолор: 474Аткарыла элек

Оштогу А.Шакиров көчөсүндө жайгашкан коомдук тамактануучу жайларга жакын жашаган айрым жашоочулар үйлөрүн сатып, көчүп кетүүгө арсасыз болууда. 

Кафеден чыккан түрдүү жыттар, түтүндөр анда жашаган тургундардын үйүн каптайт. Жаз, жай мезгилинде эшик, терезелерди ачууга мүмкүн болбой калаарын айтышат.

Кардарлар унааларын жашоочулардын дарбазасынын астына, тротуарга токтотушат.

Жашоого тоскоол болгон кафелерди жабууну суранган жашоочулар Ош шаардык мэриясына жана тиешелүү органдарга азыр жазышкан. Бирок жарытаарлык жооп болгон эмес.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь