Дарыяны булгабайбы?

Кара-Көл шаары | 00:28, 20-март 2021 | Кароолор: 1 159Аткарыла элек

Бишкек-Ош жолунун Кара-Көл аймагына тиешелүү тилкесинде жайгашкан Нарын дарыясындагы балык чарбалары жыл санап саны өсүп, кеңейип баратат. Жакында эле анын биринде багылган форель балыктары тор тосмону жыртып, чыгып кеткен. Мындай көрүнүштөр башкаларында дагы болушу мүмкүн. Бирок "балыктар тор тосмону жыртып чыгып кетүүдө" деп эл оозунан угуп эле жүрөбүз.

Андай болсо жергиликтүү балыктар жок болуп кетүү коркунучу бар. Анкени багылып жаткан балыктар жырткыч балыктардын катарын  толуктайт. Же болбосо балыктарга берилүүчү жемди  чет жерден  алынып келет деп айтышат. Жемдин курамында химикат жок деп ким кепилдик берет?Нарын

Андай болсо Нарын дарыясы  булганып жатабы деп ойлоп кетем.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь