Арзан Кытайдын таттууларын саттырбаш керек

Кара-Көл шаары | 16:26, 20-март 2021 | Кароолор: 209Аткарыла элек

Биз Кара-Көлдө жашайбыз. Жакында беш жаштагы таанышыбыздын баласы дүкөндөрдүн биринен ар кайсы түстөгү жүгөрүдөн жасалган таттууну жеп, 5 саат жандандыруу бөлүмүндө тийиштүү медициналык жардам алып чыкты. Ушул сыяктуу арзан, Кытайдан келген таттууларды ар бир мектептин алдындагы дүкөндөр сатат.

Кыргыздын урпактарынын эртеңки бекем ден соолугу үчүн ушундай таттууларды өлкөгө алып кирүүнү жогортодон тийиштүү кызматтар тыйып, киргизбей коюшса жакшы болмок. Же санитардык көзөмөл борборуна тапшырма берип, тыкыр текшерилип, айып пулдар салынса жок болот эле.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь