Тоңдун борборунда даараткана жок

Тоң району | 10:33, 22-март 2021 | Кароолор: 247Аткарыла элек

Тоң районунун Бөкөнбаев айылында коомдук даараткана иштебей калды. Бүгүнкү күндө район борборуна келген жашоочуларга жана сырттан келген коноктор үчүн ыңгайсыздык жаратууда.

Бул учурга чейин Бөкөнбаев айылынын борбордук базары жайгашкан аймакта даараткана иштечү. Азыр айлабыз кеткенден райондук мамлекеттик администрациянын, райондук оорукананын жана маданият үйүнүн дааратканасына барууга аргасыз болуп жатабыз. Бул маселени Күн-Чыгыш айыл өкмөтү көзөмөлгө алып, жергиликтүү тургундарга шарт түзүп беришин өтүнөбүз.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь