Эгинге келчү суу куурду жолчулар көмүп коюшту. Кантебиз?

Сузак району | 13:53, 22-март 2021 | Кароолор: 854Аткарыла элек

Жалал-Абад—Маданият жолу курулуп жатканына баарыбыз кубанып жатабыз. Жолубуздун оңолгону абдан сонун.

Бирок Сузак  районуна караштуу Сузак айылынын тургундары былтыркы жылдан баштап эгиндерибизди сугара албай, көйгөй жаралды. Жолду бузуп, тегиздеп жаткандардан бир нече жолу биздин эгиндерге өткөн суу куур ордуна коюлсун деп сурандык. Жол куруп жаткандар “Долбоордо бул суу куур жок. Бул суу куур иштебейт болчу” дешип, биздин үндү укпай да коюшту.

Борбордон келгендер биздин шартты билгендей бизди кагып-силкип коюшту. Жыл сайын суу алып өткөндүктөн биз билебиз. 10 гектардай жерге жол алды менен өткөн суу куур түп тамырынан эле көмүлүп калды.

Былтыр биринчи эгинди эптеп жатып алганбыз, суу жоктугунан кыйналдык. Быйыл да айыл чарба эгиндерибиз суусуз калабы деп кооптонуп жатабыз.

Жол долбоорун карагандар,бийликтегилер, кичине элдин да пикирин угуп койгула. Ансыз да азык-түлүк кымбат, кыйналып жатабыз. Бар жерди иштетели десек суу келбей калды. Эгинге бир күн эмес, бир саат суу кечиктирилбей берилиши керек. Эптеп мамлекетке жүгүн салбай оокатын жасап жаткан дыйкандарга сугат суу керек.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат