- Баш барак /
- Жалал-Абад /
- Жалал-Абад шаары
Айдоочу унаасын атайлап түтөтүп, эл кыжырдануусун жаратты
Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи шаарчасында жол чыракта турган айдоочу атайылап унаанын арткы дөңгөлөктөрүн түтөтүп, элдин кыжырын кайнатты. Унаадан чыккан түтүн арттагы айдоочуларга ыңгайсыздык жаратты. Айдоочу жол кырсыкка себепчи болуп каламбы деп ойлогон да жок.
Айдоочунун бул жоругуна кайдыгер карабагандар жол көзөмөлдөөчүлөрдү чакырган. Жалал-Абад шаардык ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан ошол замат эле кармалып, унаасы айып короого коюлуп, тиешелүү протоколдорун колуна алды. Мындайларга мамлекет керек болсо чараны катаалдатышы керек.
Адам өмүрү менен ойногон айдоочуларды коомчулук тескеп турбаса, байлыгына, мансабына ишенгендер көбөйүп кетти.
Учурда окулууда
Камчыбек Ташиев кызматтан алынды
Окуп жаткандар: 646
Камчыбек Ташиевдин ордуна Жумгалбек Шабданбеков убактылуу дайындалды
Окуп жаткандар: 301
Ташиевдин ордуна убактылуу дайындалган Шабданбеков тууралуу маалыматтар
Окуп жаткандар: 141