- Баш барак /
- Жалал-Абад /
- Кара-Көл шаары
Балдардын бир жерин кесип кетеби деп корком
Кара-Көл шаарындагы Сабиров көчөсүндөгү жылдызча тибинде жайгашкан эки көп батирлүү үйдүн ортосу кароосуз калган деп айтсак да болбойт. Жеке менчикке берилген деп угабыз. Бирок ошол ортосундагы имараттын бөлүгү жалаң айнектен тургандыктан, көп жылдан бери бошоп калган. Жаш балдар ошол жерге кирип, айланасында ойношот. Кокустан бошоп турган айнек түшүп кетсе, бир жерин кесип кетиши мүмкүн.
Мындан сырткары ал имараттын ылдый жагы ачык болгондуктан, түнкүсүн ары-бери өткөндөр ажаткана кылып алышкан. Жайкысын жагымсыз жыттанып, жашоочуларга ыңгайсыздык жаратат.
Учурда окулууда
Сүрөт — Италияда XXV Кышкы Олимп оюндары ачылды
Окуп жаткандар: 5