Балдарга кичинесинен үйрөтүү керек

Кара-Көл шаары | 22:20, 22-март 2021 | Кароолор: 681Аткарыла элек

Кара-Көл шаарындагы Жеңиш аллеясы Улуу Ата Мекендик согуштун, Баткен окуясынын жана Ооган согушунун, Чернобыль апаатынын катышуучуларынын жаркын элесине арналып курулган жай. Шаар тургундары бул жерге келип, эс алып отуруп, өткөн тарыхты эстеп кетишет.

Бирок ташка тамга басып жазылган эстеликтердин үстүнө балдарын чыгарып, жылгаяк тептирүү туура эмес. Жаш бала балалык кылып билбей ойнойт. Ал эми аны ойноткон ата-энесинин көрүп туруп жасаган иштери туура эмес. Андан көрө балага бул жай тууралуу пайдалуу маалыматтарды берсе, келечекте ал балдардан сөзсүз мыкты инсандар чыгат эмеспи.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат