Базардын маӊдайындагы жолдогу тешик эч кимди ойлондурбайбы?

Сокулук району | 22:25, 22-март 2021 | Кароолор: 588Аткарыла элек

Сокулук районундагы Бишкек—Кара-Балта унаа жолу менен баратып, «Байыш» базарынын маӊдайындагы көчөгө кайрылганда жолдун тешигин жана килтейген цемент блокту көрөсүз. Караӊгыда жөө адам түшүп кетип, жанындагы цемент блокко башы менен урунбайбы деп чоочулай берем.

Унаа айдап бараткан киши деле кокус алаксып кетип, сүзүп алса материалдык чыгымга учурайт да. Ушуну жергиликтүү бийлик жакшынакай кылып жасап койсо болот эле. Арык өткөн тешиктин үстүнө темир тор жаап жана жанындагы цемент блокту алып салышса…

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь