Бала бакчага жакын жайгашкан кооптуу ажаткана

Кадамжай району | 10:07, 23-март 2021 | Кароолор: 328Аткарыла элек

Кадамжай районундагы Марказ айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Талаа айылынын борборунда мындан бир нече жыл мурда курулган ажаткана кооптуу абалда турат. Ага жакын жерде "Мээрим 2" бала бакчасы жайгашкан.

Ажаткананын дубалдары көчүп, ичидеги тактайчалары талкаланып, жараксыз абалга келген. Ушул тапта эшиктери жок, ачык турат.

Андагы ажатканага бала бакчадагы балдар же башка кичинекей балдар түшүп кетпейт деп эч кепилдик берейт.


Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь