Мындай сөздү жазбай жүргүлө, уят болот

Кара-Көл шаары | 23:08, 22-март 2021 | Кароолор: 594Аткарыла элек

Кара-Көл шаарындагы Жеңиш аллеясынын жазуусуна кимдир бирөө оозго алгыс сөздү маркер менен жазып койгонун 15 күн мурун көрүп, жиним келди. Кечээ өтүп баратып, уяттуу адамдардын өчүрүп койгонун көрдүм. Негизи ушундай сөздү жазууга мыйзам чегинде чара көрүлөрүн азыркы жаштар билер бекен? 

Ушундай иштерди жасаган адамдарга коом өзү чара көрбөсө болбой калды. Көргөн адам дароо эле ал адамга эскертип же аны уяткарып койсо, токтойт беле деген ой келет.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат