Шайлоодо куру убада берип, куйругун түйгөн талапкерлер

Кадамжай району | 13:28, 23-март 2021 | Кароолор: 732Аткарыла элек

Кадамжайдагы Марказ айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Талаа айылында жаңы мектептин курулушу токтоп турат.

2015-жылы шайлоого аттанган талапкерлердин убадаларынын негизинде жаңы мектептин курулушу башталган. Бирок курулуш иштери башталбай жатып, токтоп калган. Азыр мектептин орду таштанды талаасына айланууда.

Аталган айылдын тургундары бул көрүнүштү шайлоонун шайтан оюндары, куру убада экенин түшүнүшкөн. Жергиликтүүлөр шайлоо учурунда талапкердин мындай куру убадаларына көнүп да калган.


Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь