Адам эмес, айбандар да тилемчилик кылат экен

город Кара-Куль | 11:27, 23 марта 2021 | Просмотров: 1 363Не выполнено

Кара-Көл шаарына караштуу Көк-Бел айылынан өтүп, ашууга чыккан жерде 6-7 ит жол жээгинде тамак үмүт эткендей, ара-бери өткөндөрдү карап турат.

Мен иттерди сөз кылып калдым. Мен бараткан унаанын айдоочусу: "Булар 10 жылдан ашык ушул жерде ары-бери өткөндөрдөн тамак үмүт этип турат. Менимче Көк-Белдин жашоочуларынын иттери. Ошол жактан ушул жерге чейин келет", - деп сөзүн жыйынтыктады.

Эң кызыгы ар бир өткөндө ар кандай иттер турганын көрөм. Адамдар гана эмес, айбандар да тилемчилик кылабы деген ой келди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором