Жалал-Абаддагы калкты тейлөө борборунун ичи жайма базарга айланды

Жалал-Абад шаары | 15:29, 23-март 2021 | Кароолор: 635Аткарыла элек

Шаардагы жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн ичи жайма базарга айланган. Мында бир күндө жүздөгөн адам кезек күтүп, керектүү документтерин алып, айрымдары тапшырышат.

Мен да бүгүн документ алууга келсем, бут койгонго орун жок, адамдар кысылып кезекте турат. Бул көрүнүш санитардык талапка да жооп бербейт. Ал жердеги кызматкерлер кезекте тургандардан эшикке чыгып турууну талап кылууда. Бирок аталган калкты тейлеген борбордун ичинде столду коюп, жайма базар кылып, орун ээлеп алгандарга ким чара көрөт?

Эмне үчүн мамлекеттик мекеменин ичине мындай соода түйүнүн ачууга уруксат берген? Эгер ал жерде турганына акы төлөсө, ал акча кайда жумшалат? Жетекчилиги эмне үчүн көзөмөлгө албайт?

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь