- Баш барак /
- Жалал-Абад /
- Жалал-Абад шаары
Жалал-Абаддагы калкты тейлөө борборунун ичи жайма базарга айланды
Шаардагы жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн ичи жайма базарга айланган. Мында бир күндө жүздөгөн адам кезек күтүп, керектүү документтерин алып, айрымдары тапшырышат.
Мен да бүгүн документ алууга келсем, бут койгонго орун жок, адамдар кысылып кезекте турат. Бул көрүнүш санитардык талапка да жооп бербейт. Ал жердеги кызматкерлер кезекте тургандардан эшикке чыгып турууну талап кылууда. Бирок аталган калкты тейлеген борбордун ичинде столду коюп, жайма базар кылып, орун ээлеп алгандарга ким чара көрөт?
Эмне үчүн мамлекеттик мекеменин ичине мындай соода түйүнүн ачууга уруксат берген? Эгер ал жерде турганына акы төлөсө, ал акча кайда жумшалат? Жетекчилиги эмне үчүн көзөмөлгө албайт?
Учурда окулууда
Ысык-Көлдө салмагы 180 тоннадан ашкан өзгөчө таш табылды
Окуп жаткандар: 33
«Бизге үйрөтүшпөсүн»: Депутат айым Орунбековго жооп берди
Окуп жаткандар: 22
Бишкекте мас адамдардын отурушу өлүм менен аяктады
Окуп жаткандар: 22