Көпүрөдөн жакаңды кармап өтөсүң

Кочкор району | 11:18, 24-март 2021 | Кароолор: 951

Кочкор районундагы көпүрөнүн абалы кооптуу. Аны менен 6 айылдын тургундары райондун борборуна каттайбыз.

Тирөөчтөрү кыйшайып, жарака кеткен. Улам келген чоңдун баарына айтып келе жатабыз. Бирок жыйынтык жок. Ал көпүрөнүн алдынан Чу дарыясы агып өтөт. Жарака жерден унаалар силкилдеп, секирип, корккондо жакабызды кармап өтөбүз. Айрым тыңдар жарака жерин билинбесин деп чаптап коёт.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь