Алайдын борбордук базарындагы ажатканага кирсең, кийимге сиңген жыт 3-4 саатсыз кетпейт

Алай району | 15:09, 24-март 2021 | Кароолор: 989Аткарыла элек

Алай районунун Гүлчө айылында жайгашкан "Нурсултан" атындагы борбордук базардын ажатканасынын курулганына 20 жылдан ашып калган. Толоюн деп араң турат. Киргенде эле ажаткананын  жыты кийимиңе сиңип калат. 3-4 саатсыз жагымсыз жыт сени менен жүрөт.

Бул  базарды Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун бир туугандары иштетет. Жакшы коомдук ажаткана куруп коюшса болмок. Ар бир кирген жаран 5 сомдон төлөп кирет.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь