Толгоо тарткан келиндердин убайы жеңилдесин...

Базар-Коргон шаары | 17:54, 24-март 2021 | Кароолор: 729Аткарыла элек

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап  аймагы 55 чакырым алыста турат. Туристтик аймак катары саналабыз деп көкүрөк кагып, сүйүнгөнүбүз менен ошого жараша шарт жок. Бизде тээ Союз мезгилиндеги тез жардам унаасы элди тейлейт. Адамзатына салыштыра турган болсок, ал унаа менен жашташ болгондор карыя болуп, таяк таянып, адамдын жардамына муктаж болуп калган. Унааны да адамзатка салыштыра карай келсек, ушундай эле абалга жеткен. Кокустан тез жардамга түшкөн бейтаптын унаанын калдыраганынан кулагы тунуйт. Кош бойлуу келиндер, балдар, кары адамдар кыйналып калышат экен. Кээде толгоосу бышып калган келиндер кайрылып калат, ал жердеги дарыгерлер райондук ооруканага жолдомо жазып беришет.

Арстанбаптан районго келгенге чейин эскилиги жеткен унаа менен келген келиндер өтө кыйналышат. Толгоосу бир азап, калдыраган унаада ары-бери болуп келгени эки азап берет. Кыштын күнү болсо унаанын ичинде районго жетип баруу мүмкүн эмес. Кокустан ал унаага туристтер чыгып  калчу болсо, унаадан качып эле түшөт.  Биздин аймакка кызыгып келген туристтер абдан көп, абийир үчүн болсо да калк тейлеген унаа жаңыланышы керек.  Былтыркы жылдан бери көп тез жардам унаалары таратылып жатат. Сырттан коноктор көп келген аймактардын каралганы туризмди жакшыртуунун да кадамы болуп калмак.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь