Бакчанын кейиштүү абалы, мамлекеттин мүлкү ойлонтподу...

Жалал-Абад шаары | 18:19, 24-март 2021 | Кароолор: 510Аткарыла элек

“Уруу үчтүү  болсо, ээсин доого жыгат” дейт кыргызда. Мамлекеттик мүлк болгон 200 орундуу, мурунку Кадыржан Батыровго тиешелүү болгон бала бакчаны Мүлк фондунун алдындагы  “Элдик” ишканасынан 2016-жылы март айында 1 лот менен  700 орундуу мектепти жана 200 орундуу бала бакчаны 10 жылга ижарага  “Нур Билим Ордосу” ЖЧКсы алган. Мамлекеттин мүлкүн сактабастан бүт тоноп жиберген. Имарат тескерисинче  кароосуз калып жана талкаланып , тонолгон.  Көз карандысыз адистер имаратка келтирилген жалпы зыяны 6.3 млн сомду түзгөнү боюнча корутунду берген. Ижара келишимине карабастан имарат мэрияга өттү. Биз жергиликтүү бийликке өтүүсүнө каршылыгыбыз жок. Элдин, мамлекеттин эсебинен эмес, ижарачынын  эсебинен бала бакчанын имараты оңдолушу керек. Жалал-Абад шаардык соту Эсептөө палатасынын инспекторлору да зыян келтирилгени аныкталганына карабастан ижарачынын пайдасына чечип койду.  Бул мыйзамсыз чечим болду. Мына адилетсиздик. Мыйзам одоно бузулду. Бул үчүн ким жооп берет?  Бала бакчанын кейиштүү абалы судьяны ойготподу, бул жагы өтө өкүнүчтүү болду. Ушул себептен мамлекетибиз өнүкпөйт экен да.  

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь