Тамтыгы чыккан жолду сүрөткө тартуудан уяласың

Ала-Бука району | 19:31, 24-март 2021 | Кароолор: 990Аткарыла элек

Ала-Бука—Шекафтар жолу мышык ыйлай турган эле абалга жеткен. Бул жолдо жол тандоонун да кереги жок. Жол четинен оюлган, жаан-чачында сууга толот. Унаанын соо жери калбайт.

30-40 миң жашоочу үнсүз эле ушул жолдон каттап келе жатышат. Эмесе биздин аймакта бакыйган алтын фирма бар. Тоо кен казылып, кетип жатат. Тоо кенин алдырып, жаратылышка зыяны тийип жатса да үн катпай келген элдин жок дегенде жолун карап койсоңор боло.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь