Араванда премьер-министр тазалаткан таштанды таштоочу жай кайра таштандыга толду

Араван району | 14:58, 25-март 2021 | Кароолор: 495Аткарыла элек

Премьер-министр Улукбек Марипов кабар алган Араван районундагы С.Юсупова айыл өкмөтүндөгү аштанды таштоочу жай мурдагы абалына келип жатат. Жергиликтүү бийлик убада кылган таштанды контейнерлер коюла элек.

Буга чейин 14 мартта премьер-министр Улукбек Марипов Араван районундагы С.Юсупова айыл өкмөтүндө жергиликтүү эл менен жолуккан. Анда эки кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары айыл ичиндеги таштанды таштоочу жайлар боюнча арыз-муңун айтышкан.

Премьер-министр аталган айыл өкмөттүн башчысы Шүкүрүлла Файзуллаевге эскертүү берип, таштадыларды тез тазалоону тапшырган болчу.


Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь