Убайга салган уурулукту азайткан айылдаштар

Ноокен району | 18:18, 25-март 2021 | Кароолор: 1 121Аткарыла элек

Ноокен районуна караштуу Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылынын жашоочулары убайга салган уурулуктан улам  4 айдан бери кезектешиптүнкүсүн айылды кайтарып жатабыз.  

5-6 жыл мурун дал ушул айылда уурулук көбөйүп, кайра басылган. Андан бери айылдагы мал-жандыктарды уурдоо кескин токтогон. Бирок быйылкы жылдын январь айынан бери элдин короосуна кол салгандар пайда болду.

Мал уурулар көбүнчө  түнкү саат 3-4 аралыгында мал сарайларга кирип, кара мал менен жылкыларды алып кетүүгө аракет жасап жатышат. Мал менен жашоосун өткөргөн элдин ырыскысын тартып алгысы келгендерге жол бербөө үчүн атайын бир күндө үчтөн адам айылды бир сыйра кыдырып, карап жатат.  Саат кечки тогуздан тарта таңкы бешке чейин нөөмөттө турабыз.

Өткөндө бир тургундун эки баш жылкысын алып кетүүгө уурулар далалат жасаптыр. Бөлөк адамга оңой менен баш бербей, ошкурган жылкылардын ээси чыга калгандыктан уурулар качып үлгүрүшкөн.
Айыл эли өздөрү уурулук менен күрөшүүгө бел байлашты. Ошол үчүн да уурулук азайды. 

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь