Таза суу жоктугунан массалык ич келтеге кабылган эл тагдыры унутулду

Ноокен району | 18:59, 25-март 2021 | Кароолор: 1 048Аткарыла элек

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагында таза суу көйгөйү күч, маселе чечилбей келет. Ичүүчү суунун жоктугунан бир мезгилде эл массалык ич келте оорусуна кабылган учурду  бийлик унутту. Көп жылдан бери калк какшап келе жаткан таза суу көйгөйү али күнчө чечиле элек.  

Жеңиш, Ношкен, Жаштык айылдары Майлуу-Суу дарыясынан  каналга, арыктарга келген сууну октябрь айынан жаз мезгилдин апрель айына чейин ичишет. Дарыяга Майлуу-Суу шаарынан булганыч суу агып түшөт. Эл ошол ар түрдүү агындылар кошулган сууну ичүүгө аргасыз.

Суу туздуу, ылай болуп агып келет. Аны тундуруп, сөзсүз кайнатып ичпесе болбойт.  Арыктан алган сууну жөн ичүү мүмкүн эмес. Кир суу ичкени үчүн ич келте оорусунан эл толук кутула алган жок.

Жаз келип, сугат суу берүү башталганда Эгемен-1-2-3 насостору иштеп, эл  таза суу ичип жыргап калат. Суу көйгөйүнөн арылбас болдук. “Таза суу долбоору башталат экен” деген кептерге бир нече жыл өттү, дале кабар жок.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь