Аравандагы «Жунгли» базарын билесизби?

Араванский район | 19:14, 25 марта 2021 | Просмотров: 722Не выполнено

Араван районуна караштуу Алля Анаров айыл өкмөтүндөгү 3 айрылыш чоң көчөнүн ортосун жеке ишкер базар кылып иштетип келгенине көп жыл болгон. Бирок мындай базарды тартипке салып, көзөмөлгө алган адам жок.

Анткени ар жуманын бейшемби күндөрү чоң базар болуп, адамдар көп келип, Оштон Араванга, Аравандан Ошко кетчү жолду тосуп алышат. Ал күнү жол тыгыны да өтө көп болот. Ошондуктан бул базарды четке жылдырыш керек же канчалык мыйзамдуу иштеп жатканын текшерүү керек. Соодагерлер ал күнү жыргап соода кылганы менен карапайым эл жолдун тыгынынан жана ызы-чуусунан тажаган.

Антпесе деле Аравандын борборунда  чоң базар бар. Тиешелүү кызмат органдары, ушул маселени бир карап коюңуздар.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь