Миллиондор сарпталган жер өтмөктө тамчы токтойбу?

Жалал-Абад шаары | 10:37, 26-март 2021 | Кароолор: 1 479Аткарыла элек

Жалал-Абад шаарынын Нагима Айтматова көчөсү менен Ленин көчөсүнүн кесилишинде жер алдынан өтүүчү өтмөк курулуп, баарыбыз кубанганбыз. Ырас, жол тыгыны азайды. Өтмөк ичинде соода туйүндөр иштеп жатат.

Бирок 2019-жылы пайдаланууга берилгенине карабастан жыл айланбай өтмөк үстүнөн суу тамчылап баштаган. Ал кемчиликти шаар бийлиги жоебуз деген болчу. Бирок тескерисинчежаан-чачын болгон сайын тамчы өткөндүктөн шыптын үстү жаш баланын сийдигиндей болуп, тоголоктонуп турат. Тамчы тамып, дубалынан майда жаракалар кете баштаганын көрүүгө болот. Тепкичтерине төшөлгөн брусчаткалар сынып, буга чейин алмашылган. Өтмөктүн абалы ойлондурат.

Дубалдары болсо жүрөкчөгө толду. Элибиздин баалууну барктай албаган маданиятсыздык мамилеси да өкүндүрөт.Узуну 40 метр, туурасы 9 метрди түзгөн өтмөктө жалпы 21 соода түйүн жайгаштырылган соң сапатына да өзгөчө көңүл бөлүү керек болчу.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат