Аравандагы мүрзө тосулбай, ал жерде жаш балдар ойноп жүрүшөт. Бул кооптуу эмеспи?

Араван району | 16:05, 26-март 2021 | Кароолор: 1 755Аткарыла элек

Араван районуна караштуу Алля Анаров айыл өкмөтүнүн жаңы курулуп жаткан имаратынын алдындагы мүрзө тосулбай калган. Ал жолдун боюнда  болгондуктан жакын жайгашкан жашоочулардын жаш балдары мүрзөдө ойноп жүрүшөт.

Ал жерден сөөк издеген иттерди да көрүүгө болот. Андагы жаш балдар чуңкурга түшүп кетсе эмне болот? Мындай абал жаш балдар үчүн кооптуу эмеспи? Ким көзөмөлдөйт?

Ал жерге жаш балдарды жакын жолотпой, тосуп койсо жакшы болмок.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь