Чоң жолдо баштыктар учса, таксисттер "романтика" дейбиз

Ош шаары | 23:25, 26-март 2021 | Кароолор: 547Аткарыла элек

Ош шаарынан Ноокатка бара жатканда, шаардан чыга бергенде чоң жолдун боюнда таштанды таштаган талаа бар. Ал жер кышында анча билинбейт, бирок жолбун иттердин " мекени" болот. Жаз келгенде айлананын көркүн бузуп, пакеттер уча баштайт. Айдоочулар тамашалап, таштандыда да "романтика " башталды деп калабыз.

Пакеттер шамалдан шарик болуп учуп баштайт. Жайда ошол жерге келгенде терезелер жабылат. Жытына адам чыдагыс. Ошол таштанды талаасын четирээк жерге жылдыруу үчүн эч ким аракет кылган жок.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь