Быйыл Ноокаттын жолдору оңдолбосо, митингге чыгабыз

Ноокат району | 23:55, 26-март 2021 | Кароолор: 332Аткарыла элек

Ош- Ноокат жолу оңдолсун деп айта берип тилибиз тешилди. Ош шаарынан Ноокатка чейин тез келсең 15-20 мүнөттө деле келип каласың. Бирок Зулпуев айыл өкмөтүнөн Ноокатка чейин 25-30 мүнөттө келесиң. Жол өңгүл-дөңгүл болгону аз келгенсип, тар дагы.

Баткен тарапка жүк ташуучу унаалар кетет. Алар өздөрү эле жолду ээлеп калат. Жыл сайын топурак салып коюшат, анысы жуулуп кетет. Жыл сайын алдашат "оңдолот, мына башталды" деп.

Быйыл элдин чыдамы кете баштады. Оңдолбосо, пикетке чыгабыз.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь