Жол азабы, көр азабы...

Тоң району | 20:26, 27-март 2021 | Кароолор: 1 321Аткарыла элек
Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман болдук. Айла жоктон айтууга мажбурбуз.
Тоң-Балыкчы авто жолунун азыркы учурдагы абалы мышык ыйлаарлык абалга жетти. Негизи Каракол шаарына чейинки жол өтө начар абалда. Көрүп-билип туруп, айтпай, унчукпай отуруу дагы күнөө, бирок Тоң эли айтып, жазып жатып тажадык. Тоң эли менен жолугушууга келген ар бир экс-ажолорго, премьер-министрлерге, спикерлерге, депутаттарга бетме-бет айтып, кагаз жүзүндө кайрылуу каттарын жазып жатып элибиз тажашты. Ушул убакытка чейин бир да жыйынтык чыккан жок. Элибиз тешик кайыкта отурганы аз келгенсип,  жолдорубуз да тешилип болбой калды. Мына даярдап бүттүк, дүйнөлүк банк ж.б. менен сүйлөшүүлөр жүрүп, каралып жатат деп элди жоошутуп келишти. Калптын казаны кайнабайт болуп, аягы өзүлөрү дагы бийликтен кетишти. 
Кыргызстандын бермети Ысык-Көл деп, дүйнө жүзүнө президенттен баштап, кичинебизге чейин мактанып келебиз. Эшигин көрүп, төрүнө өт дегендей, жолубуздун түрү бул. Туризм деп эле аркы өйүздү эле карап айтып келебиз. А акыркы учурда Тоң районунда улуттук баалуулуктардын сакталышы, боз үй, кийиз, шырдак жасоого чет элдик туристтердин кызыгуусу артып, көп келиши, эко-этно туризмдин өнүгүүсүнө куш кароо (орнитология, эмтология ж.б.), тоо-жаратылыш туризми ж.б. багыттагыларга тышкы-ички туристтердин көп каттай баштаганы сүйүндүрөт. Бирок жолубуздун начардыгы, ушул жана башка  жааттан артка тартууда десек болот. 

Айта берсек толтура, сөзүмдүн аягында бир жакшы сөз бар: эркелээриң барбы деген,  анын сыңарындай азыркы ажобуз (авабыз) урматтуу Садыр Жапаровго ушул Тоң элинен дагы бир жолу кайрылуу  иретинде болсун. Тоң жолун карап, эртерээк жолун таап, элге алгылыктуу жооп берүүнү өтүнөбүз.

Азыркы премьер-министрибиз  Марипов Улукбек Асамидинович мырза дагы Тоң жерине келип, өз көзү менен жолубуздун түрүн көрүп кетсе, жакшы болот эле.

 Сиздерди терең урматтоо менен 
 Тоң районунун тургундарынан атынан  "Тоолуу өрөөн коому" коомдук бирикмеси кайрылат.
Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь