Бөкөнбаев айылындагы Б.Мамбетов атындагы борбордук көчөдө таштанды салган урна жок

Тоң району | 20:53, 27-март 2021 | Кароолор: 824Аткарыла элек
Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын Б.Мамбетов атындагы борбордук көчөсү жөнүндө айткым келет.
Айланма жолдон баштап жол чыракка чейин көп дүкөндөр бар. 3 даана чоң имараттагы соода борборлору, 5-10 чакты кафе жана ашканалар, көптөгөн азык-түлүк жана кийим-кече саткан дүкөндөр, чакан жашылча-жемиштер сатылган
базар, мобилдик операторлордун салондору, 3-4 банк, айылдын автобекети бар. Унаа менен кишилердин санын айтпай эле коёлу, күндүзгү жана түнкү таксилердин саны дагы аз эмес.

Бирок тилекке каршы ошончо көп элге, ошончо көп жерге болгону 2 даана таштанды салган урна бар экен (үстүнкү тараптагы отургучтардын жанындагыларды эсепке албаганда). Ал 2 урна бир гана "Назгүл" дүкөнүнө кирген жагында (ээсине ыраазычылык). Айыл өкмөт койгон жүрөк формадагы сетка бар, бирок көп таштанды салган учурда эле астынан кайра түшүп калат. 

Башка дүкөндөр дагы ошондой таштанды салган урна жасатып, орнотуп коюшса жакшы болмок.  Жакын жайгашкан 2-3 дүкөн чогулуп жасатса деле болот эле. Такси айдап эмгектенген айдоочу агаларыбыз деле өздөрү иштеп турган ордуларына жасап , коюшса жакшы болот эле.

Үйгө короо-жайга кылган таза мамилени көчөбүзгө деле кылсак туура болот өкмөткө ишенип отурбай.
Мен көчөбүздүн начар акыбалын көрүп атайын сүрөткө тартып салгым келген жок, өзүбүздөн башка чочун элдин көздөрү көрбөсүн дедим.
Төмөндөгү сүрөт Назгүл дүкөндүн алдындагы урна, үлгү катары тартылган. 
Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь