Аң сезимибизди оңдоо керек

Кара-Көл шаары | 22:16, 27-март 2021 | Кароолор: 851Аткарыла элек

Кара-Көлдүн кайсы жерин баспагың таштанды. Мейли парк, мейли Комсомол, Пионер көлүнүн айланасы. Аны шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жумушчулары тазалашат.

Ал эми эл тазалаган жерди кайра булгап жатат. Азыр "диван эксперттер" өңдүү акыл үйрөткөндөй, сын-пикир айткандар көбөйүп кетти. Андан көрө ошол адамдар аң сезимин, ниетин оңдосо болот. Эгер ар бир адам оңолууну өзүнөн баштаса, коом дагы, шаар, айыл бүт баары таза, көрктүү, сулуу болмок.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь