Талапкер убада кылган бала бакча урап баштады

Алай району | 18:16, 28-март 2021 | Кароолор: 595Аткарыла элек

Алайдагы Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Арпа-Тектир айылында бир шайлоодо курулушу башталып, бирок курулбай калган бала бакча бар. Ал бала бакча шайлоонун шылтоосу менен башталып, куру убадалардын негизинде жарым-жартылай тургузулган. 

Бирок жанагы эле шайлоодон кийин талапкерлер куйругун карматпай кетишкен. Бүгүнкү күндө анын кирпичтери чирип, урап баштады. Короосу малкана болуп жатат.

Бүгүнкү күндө жергиликтүүлөр муктаждыктан маданият үйүн бала бакчага айландырып, балдарды тарбиялап жатышат.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь