Тамтыгы чыккан жолдон унаалар өтсө, жашоочулардын үйүн чаң каптап кирет

Араванский район | 18:52, 28 марта 2021 | Просмотров: 1 442Не выполнено

Араван районунун Санталатхан Юсупова айыл өкмөтүнүн аймагындагы жолдор талкаланып, тамтыгы чыгып, таш жолго айланган. Айылдын кире беришинде эле эски союздан калган асфальт болбосо, калганы таштак, чаңдуу жол.

Жайдын күнү унаалар ары-бери өтүп жатканда чаңдап, жашоочуларга ыңгайсыз болууда. Алар терезени ача албай, кийим жууса кийимдер чаңдап кир болот. Жолду оңдобосо, жергиликтүүлөрдүн жашоосу оңолбос болду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь